www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын арасында атаандашуу, көрө албастык деген бар. Мындай пикирди Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жергиликтүү маалымат булактардын бирине маек берип жатып айтты.
--"Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жөнөкөй эле депутат. Мен аларга жетекчи эмесмин. Алып баруучумун. Алар менен менин укуктарым бир. Чакырабыз, сүйлөшөбүз макул дешет. Бул эмне себептен болуп калды? Бул бийликтин туруксуздугунан болуп калды го. Биз 4 жылдын ичинде 3 мэр менен иштешип калдык, бул абдан начар көрүнүш . 3 төрага болду. Көпчүлүк коалиция 3 жолу өзгөрүлдү. Төртүнчүнү декабрь айында түздүк. Мамилебиз начарлап калган, бири-бирибизди укпай калганбыз. Атаандашуу, көрө албастык деген бар. Мен, мен деген кесиптештер бар. Тартипке келтире албайм. Ноябрь-декабрь айында 3 жолу чогулта алган жокпуз. Маалымат каражаттары дагы бул боюнча талкуулашты", - деди Абиров.
Булак: NazarNews.kg