www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-июнда социалдык тармактарга аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тарап, коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан. Бүгүн NazarNews маалымат агенттигинин окурмандары жабырлануучу аялдын уулу келип, апасынан чөгөлөп, кечирим сураганы тартылган видеотасманы жиберишти.

47 жаштагы аялдын эжеси делген аял жабырлануучунун уулуна: “Апаңды буга чейин дагы уруп келген экен, биз мынчалык кордобосо билбей кала берет элек. Мыкаачы дагы мындай кылбайт, кантип 25 жыл чогуу жашаган аялын ушундай кылат? Мен атаңды жакшы адам деп сыйлайт элем, акмак экен. Эч мындай деп ойлогон эмесмин, атаңдын кандай киши экенин көрдүңбү?

Мыкаачы, баңги дагы мынчалык урбайт. Жөн эле урса мейли эле, шапалак менен салса мейли эле, эрди-катын урушат дейт элек, баллонду моюнуна асканды көрдүңбү, баңги да бул кадамга барбайт. Ооруканага алып барсак баш мээси чайкалганын айтып, дарыгерлер дары жазып беришти.

Мага колуңдан эмне келет? Мына көрүп ал сиңдиңди деп видеолорду жибериптир“,- деп сүйлөп жатканын угууга болот.

Ал эми Жалал-Абад ОИИББинен биздин редакцияга шектүүнүн баш коргоо чарасы бүгүн, 13-июнда карала турганын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости