www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдаровага окшош аял милиция кызматкерлерине баш ийбей каршылык көрсөтүп жатканы видеосу жарыяланды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.
Видеодо аял патрулдук милиция кызматкерлерин жаман сөздөрдү айтып, кызматтан кетирем деп коркутуп жатканын көрүүгө болот.
Кийинчерээк басылмага кызматкерлердин биринин түшүнүк каты келип түшкөн.
Маалым болгондой, ушул жылдын 3-апрелинде патрулдук милициянын экипажы Чүй проспектиси менен Шопокова көчөлөрүндө саат 22:00 чамасында Хонда CRV унаасын байкап калган.
Унаа жарыктандыруучу шаймандарсыз айдап бараткан, тагыраак айтканда, арткы тормоз чырактары жана мамлекеттик номурлардын жарыгы күйгөн эмес.
Милиция кызматкерлери унааны токтотуп, өздөрүн тааныштыруу үчүн барганда:
"Аял өзүн агрессивдүү алып, патрулдук милициянын бардык кызматкерлери иштегенди билишпей турганын айткан. Андан соң документин көрсөтүп, Жогорку Кеңештин депутаты экенин айтты. Кызматкер айдоочу менен сүйлөшүүнү уланткан. Ал эми унаанын документин сураганда: жүргүнчү унаасына жакындаба деп, адепсиз сөздөрдү айтып, депутат экенин эскерткен. Андан соң ИИМге жана УКМКга белгисиз адамдар телефон чала баштаган», - деп айтылат түшүнүк катта.
Кызматкер аны менен сүйлөшүүнү суранган, бирок анын ордуна өзүн депутатмын деп тааныштырган жүргүнчү рулга отурган.
«Мен андан кетпей, документтерин көрсөтпөшүн сурандым, бербей коюшту, анан өзүн депутатмын деп тааныштырган аял видеокамерамды жулуп алып, досуна берип айдап кетти. Ошол убакта эшикти ачып ичиме 2-3 жолу тепти. Ошондой эле уят сөздөрдү айтты. Мен эч нерсе дебейм. Машинаны кайра от алдырганда анын жолун тостум. Ошондон кийин ал сыртка чыгып, үйүнө кетти. Ошол эле учурда ал бизди жумуштан кетирем деп сөз берди»,-деп жыйынтыктады кызматкерлердин бири.
Бүгүн эртең менен Kaktus.media сайтынын редакциясы Айдарованын өзү менен байланышып, ал жолугушуудан кийин маалымат боюнча комментарий берерин убада кылды. Бирок саат 15:00гө чейин ал кайра байланышкан эмес.
Милиция кызматкерлери жакынкы убакта кырдаал боюнча комментарий бере турганын билдирди.
Булак: NazarNews.kg