www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен депутат Мирлан Жээнчороевдин кайым айтышуусунан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эл өкүлүнө телефон чалды. Бул маалыматты Мирлан Жээнчороев өзү тастыктаган.

Эл өкүлү "Ташиев ага иш козгоо үчүн кандайдыр бир илинчек изделип жатат" деген кепти төгүндөгөнүн белгиледи.

"Камчыбек Кыдыршаевич менен сүйлөшүп, такташып алдык. Айтылып жаткан кептер жөн гана ушак экени ырасталды", — деди Жээнчороев.

Эске салсак, кечээ, 21-сентябрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат башкы прокурор иш козгоо үчүн УКМК төрагасына команда берип жатканын билдирген.

Ага башкы прокурор "Мен эч кимге команда бербейм. Эгер команда болсо сизге бир нерсе таап коюш оңой эле" деп жооп берген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости