www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мен азыр ооруканада дарылануудамын. Үч оорукана алмаштырдым. Канчалык азап жана оорууну баштан өткөргөнүмдү жакындарым менен медицина кызматкерлери гана көрүштү”,-деп жазды пианист Викрам Рузахунов Instagram баракчасына.
Музыкант өз билдирүүсүндө, кабыргалары сынганын, көкүрөгүндөгү жаракатын, баш мээси чайкалганын жана башка жаракаттарды алганын билдирген. Казакстандын күч кызматтары паспортун, акчасын, айдоочулук күбөлүгү менен банк картасын белгисиз жагдайда алып коюшканын айтат. Ошондой эле ал Казакстандан Кыргызстанга келген учурдагы билдирүүсү боюнча дагы түшүндүрмө берген.
“Менин баардык расмий билдирүүм ошол учурда Казакстанда барымтада тургандар үчүн болгон. Көпчүлүгүнүн балдары, үй-бүлөсү бар. Көбү карыган ата-энелеринин, майыптыгы бар карындашынын жалгыз багуучусу. Менин ар бир сөзүм аларга таасирин тийгизиши мүмкүн эле”,-деген Викрам Рузахунов. Ошол кезде кеңири маек берүүгө тыюу салынганын жазды.
Эске салсак, 9-январда "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.
Кыргыз бийлигинин аракети менен Казакстандан 10-январда Кыргызстанга кайтарылган музыкант Викрам Рузахунов: " 4-5-6-январь күндөрү батирден чыккан жокмун. Бирок абал курчуп, интернет өчүрүлдү, азык-түлүк дүкөндөрү иштебей калды. Ошондуктан үйгө кетүүгө аракет кылдым. 7-январда такси кармап Бишкекке кетип баратканда Самсы айылынан аскерлер кармады", - деген Рузахунов. Бети-башы аскерлер кармаган учурда көгөргөнүн, башаламандыкка жалданып келгени тууралуу моюнуна алган видеону кыйноо жолу менен эмес, камерада чогуу отургандардан Кыргызстанга тез кайтуунун жолу катары угуп өзү айтканын кошумчалаган.
Музыкант аны Кыргызстанга кайтарууга көргөн аракети үчүн кыргыз бийлигине ыраазычылык айтып, "кыргыз элинин уулу экениме канчалык сыймыктанарымды ушул күнгө чейин толук сезген эмесмин" деп билдирген.
Булак: NazarNews.kg