www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Виктор Франклдын белгилүү китеби кыргызча которулду

Психиатр Виктор Франклдын белгилүү эмгеги “Жашоонун маңызын издеген адам” (“Man’ s Search For Meaning”) китеби кыргыз тилинде жарыяланды. Бул тууралуу “Китепстан” басма үйү билдирди.

Аны Айсулуу Тынышова которду.

Китепте нацисттик өлүм лагерлериндеги азаптуу жашоо сүрөттөлүп, автор өзүнүн өмүр таржымалынын негизинде кыйынчылыктарды кантип жеңгенин жана аман калганын баяндайт.

«Ал жашоодо көп нерседен тирүүлүктүн маани- маңызын таап, жаңы максат менен илгери умтулса болорун ырастайт. Китеп психологдорго, педагогдорго жана бардык окурмандарга сунушталат», — дейт басмакана.

Чыгарма 24 тилде чыгып, дүйнө боюнча 12 миллион нускадан ашык сатылган.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости