www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина НАТОго мүчө болбойт, ал альянс менен Россиянын ортосунда буфердик аймак бойдон калат, жана бул АКШда республикачыл Дональд Трамп кайрадан бийликке келгенден кийин айкын болду.
ТАСС маалымдагандай, бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан улуттук парламенттин жазгы сессиясынын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.
"АКШдагы шайлоолордон кийин Украина НАТОго мүчө болбойт деп чечилди. Украинанын тагдыры жана анын калган аймагынын келечеги Венгриянын коопсуздугу үчүн маанилүү. Бул маселе ок атышууну токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет", – деди Орбан.
Анын айтымында, "тынчтык келишими Венгриянын жана НАТОго мүчө мамлекеттердин коопсуздугун камсыздашы керек, ал эми кайрадан буфердик аймакка айланган Украинанын макамы тийиштүү түрдө жөнгө салынышы керек". "Бул маселе жалгыз эле европалыктар тарабынан чечилбейт же, балким, биринчи кезекте алар тарабынан чечилбейт окшойт", – деп кошумчалады өкмөт башчы.
"Ал эми Украинанын ЕСке мүчөлүгү – бул толугу менен европалык маселе", – деп улантты Орбан. Өкмөттүн атынан ал парламентти "Украина венгерлердин чечимисиз Европалык союзга мүчө боло албайт" деп ишендирди. Премьер-министрдин айтымында, эгерде Украина бүгүн ЕСке кабыл алынса, анда бул "венгер дыйкандарын же бүтүндөй улуттук экономиканы жок кылмак".