www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пандемия аяктаган соң коронавирус адам баласынын популяциясына жолобой калышы мүмкүн. Бул тууралуу Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейнге шилтеме берип URA.RU жазды.
"Дүйнөдө көптөгөн кишилер коронавирустан сакайды, иммунитет пайда болду. Андан тышкары, вакцинанын көптөгөн түрлөрү чыкты. Жакын арада пандемия акырындык менен басаңдай баштайт. Мындай шартта вирус жок болуп кетиши дагы ыктымал", — деди дарыгер.
Ошол эле учурда ал окуя башка багытта да өнүгүшү мүмкүн экенин божомолдоду.
"Коронавирус баш-оту менен жок болуп кетпеши дагы ыктымал. Бирок мурдагыдай пандемия абалы болбойт. Чектөөлөр алынып, жай турмуш башталат", — деди Альтштейн.
Кандай болгон күндө дагы, окумуштуунун пикиринде, адам баласы бул вирусту көпкө чейин унутпайт жана изилдөөсүн токтотпойт.
Булак: NazarNews.kg