www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-мэр Алиев элден кечирим сурады

Бишкектин айрым райондорунда таштанды убагында тазаланбай жаткандыгы социалдык тармактарда талкуу жараткан. Мындай нааразычылыктарга Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев инстаграм баракчасы аркылуу жооп берди.

Алиевдин айтымында, баш калаада таштанды жыйноонун кечеңдеп жатышынын себеби техниканын жетишсиздигинен улам болуп жатканын белгилеген.

“Тазалык” ишканасы учурда иш графигинен 2-3 күнгө кечигип жатат. Бул убактылуу экенин билдирем, жакында бардык иш калыбына келтирилет. Техникалардын бардыгы жарактан чыгууда. Жаңы техникалар бир жарым ай аралыгында келет. Жумушчулар үч нөөмөт менен иштешүүдө. Айрыкча, Биринчи май районунун, Чоң-Арык айылынын тургундарынан кечирим сурайм”, — деп жазды вице-мэр.

Бишкек мэриясы эл дагы таштандыларды туура эмес ыргытылгандыктан, нааразычылык күч алганын белгилеп келет. Андан улам, “Тазалык” ишканасы видеокамераларды орнотуп, белгиленбеген жерлерге таштанды ыргыткандарга айып пул салынаарын эскерткен.

Последние новости