www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова өзүн модель сезип алганбы, айтор, баскан-турганын сүрөткө тарттырып, соцтармактагы баракчаларга илдирип, күчөп эле баратат. Тизгинин кагып, кеңеш берчү кыраакы адам жокпу? Мамлекеттик кызматкер деген ириде иш менен көрүнүшү керек. Эл баа берет.
Тилекке каршы, Венера айым боёнуп-жасанып, койкоё сүрөткө түшсө эле маселе чечилип калбайт да! Этиканы сактабайбы? Же Ошто жасалма мүнөз күтүп, «сырты жалтырак, ичи калтырак» маанисинде коомчулукту адаштыра берсе болобу? Мындай образ жарабайт, эптешпейт! Пиар кылуунун кылдат ыкмасын, чегин билбейби?
Кыскасы, жеңил-желпи жорукту таштап, мамлекеттик жетекчиликтин ырааттуулугуна жараша тартип менен иштеши керек. Ашкере манчыркап, дөөлөтүн көтөрө албаган пенде камтактай учуп кетчү эле...
Булак: Азия News гезити