www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-спикер бул тобокелдиктерди мыйзамдык жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашуу, биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

 Электрондук коммерциянын өнүгүшү бизнес үчүн жакшы, бирок шылуундукка дагы жол ачууда. Бул тууралуу вице-спикер Нурланбек Азыгалиев Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топко мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин III форумунда билдирди.

"Бүгүнкү иш-чаранын форматы уникалдуу. Анткени ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүүдө улуттук системаны жакшыртуу үчүн парламентарийлерди, каржылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн бир аянтка чогултуп, талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүүдө", — деди Азыгалиев.

Вице-спикер бул тобокелдиктерди мыйзамдык жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашуу, биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле электрондук коммерциянын көлөмү өсүп жатканы бизнес үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин, бирок криминалдык чөйрөлөргө жана шылуундарга жол ачкан терс жагы да бар экенин кошумчалады.

 

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости