www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык боксёр Кевин Жонсонго Орусиянын жарандыгын берди. Боксёр паспорт үчүн сентябрь айында керектүү кайрылууну жасаган.

Дагы бир спортчу орус жарандыгына өттү. 

Канадалык хоккейчи Брендан Лейпсич. Хоккейчинин Орусиянын жарандыгын алуу ниети былтыр жай айында жарыяланган. СКА хоккей клубунун машыктыруучусу Роман Ротенберг Лейпсичтин Путинге кат жазып, паспорт сураганын айтты.

Басма сөздө орун алган кабарга караганда Россиянын жарандыгын алгандардын бири да  1999 - жылы өлкөгө келген Югославия тектүү Ратко Саматс болду. Босния Герцеговина Саматстын 1993-жылы аралашкандыгы айтылган согуштук кылмыштарынан улам тапшырылышын талап кылган. 2016-жылы Орусия прокурорлугу бул талапты четке каккан. 

5-декабрда Орусия Федерациясынын ички иштер министрлиги акыркы 10 айдын ичинде жарандыкка алынган кишилердин саны азайгандыгын билдирди. 

ТАСС агенттигинин билдиргенине караганда жаңы жарандардын саны 2 жыл мурункуга салыштырмалуу дээрлик  жарымга азайды. 2023-жылдын январь-октябрь мезгилинде орус жарандыгын 318 миң киши алган. 2022-жылы 595 миң, 2021- жылы 610 миң киши жарандык алган. 

Орусия Федерациясынын тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алексей Климов 2023-жылдын тогуз айында 4,4 миң адам орус жарандыгынан чыккандыгын билдирди. Муну менен бирге Климовдун билдирүүсүнө караганда, 15 миңден ашуун адам орус паспортун чет өлкөдөн алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости