www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБ мейкиндигинде чыныгы тоскоолдуксуз, бирдиктүү рынокту түзүүнү турмуш талап кылып жатат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мүчө өлкөлөрдүн экономикалык ведомстволору жана тескөөчү органдары ЕАЭБдин ички рыногунда товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылы үчүн калган чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды аныктоо, жоюу боюнча аракеттерин улантууда. Акыркы эки жылда эле мындай 30 чектөө алып салынган.

"Албетте, тоскоолдуктарды жоюу керек. Ошондо гана биз толук кандуу иштеп, интеграцияны күчөтө алабыз", — деди Путин.

Эскерте кетсек, ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия мүчө. Жыйынга Өзбекстан мамлекети байкоочу макамында катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости