www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РФ Президенти В.Путин атайын жыйында Федералдык коопсуздук кызматынын төрагасы Александр Бортниковго жана Федералдык коопсуздук кызматтын ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдирди.
Президент өз сөзүндө:
— Урматтуу Александр Васильевич [Бортников]! Урматтуу жолдоштор!
Кечээ, Федералдык коопсуздук кызматынын жылдык кеңешмесинде сиздер кесипкөйлүккө тиешелүү кеңири маселелерди талкуулап, келечектеги иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктайсыздар. Өткөн жылы коюлган бардык милдеттер негизинен жогорку деңгээлде аткарылды.
Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөрдүн так жыйынтыктары ФСБ улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумунда күчтүү, ишенимдүү жана натыйжалуу орган экенин көрсөтүп турат.
Сиздердин профилдик бөлүмдөрүңүздөр ыкчам жана кесипкөй иш алып барып, Орусиянын эгемендүүлүгүн жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо, жарандарыбыздын укуктарын камсыздоо, конституциялык түзүлүштү бекемдөө, терроризмге, экстремизмге жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча маанилүү иштерди аткарып, татаал контрчалгындоо операцияларын жүргүздү.
Сиздерге, урматтуу жолдоштор, бүтүндөй ФСБнын кызматкерлерине кесипкөйлүгүңүздөр, чечкиндүүлүгүңүздөр жана кайраттуулугуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Айрыкча, атайын аскердик операциянын жүрүшүндө душмандын артында, фронттун алдыңкы сызыгында татаал шарттарда биздин жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем.
ФСБнын чек ара бөлүмдөрүнүн эрдиги менен сыймыктанабыз. Алар чек ара аймактарында душмандын көп сандаган куралдуу түзүмдөрүнүн соккусун татыктуу тосуп алышты.
ФСБнын, чек ара кызматкерлеринин, атайын күчтөрдүн жана башка бөлүмдөрдүн курман болгон кызматкерлеринин эрдиги биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Алар Ата Мекен үчүн жанын беришти, бирок артка чегинген жок. Согуштук жолдошторубуздун жаркын элесин бир мүнөт унчукпай эскерели, - деди Путин.
(Бир мүнөт эскерүү)
Аны менен катар РФ Президенти Путин төмөнкүлөрдү кошумчалады.
Урматтуу жыйындын катышуучулары!
Дүйнө кандай тездик менен өзгөрүп жатканын көрүп турабыз. Бул жагынан алып караганда, АКШнын жаңы администрациясы менен башталган алгачкы байланыштар белгилүү бир үмүт жаратууда. Мамлекеттер аралык мамилелерди калыбына келтирүү жана дүйнөлүк архитектурадагы көптөгөн стратегиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча даярдык бар. Дал ушул маселелер убакыт өткөн сайын Украинадагы жана башка аймактардагы кризистердин башкы себеби болуп келген.
Учурдагы өнөктөштөрүбүз прагматизмди көрсөтүп, мурунку администрациялардын идеологиялык клишелеринен баш тартып жатышат. Бул өз кезегинде эл аралык мамилелердин жана Батыш коомунун ичинен урашынын башкы себеби болгон. Батыш өлкөлөрүнүн экономикасындагы жана ички саясатындагы көйгөйлөр мунун айкын далили.
Дүйнөлүк аренадагы бүгүнкү өзгөрүүлөр биздин Куралдуу күчтөрүбүздүн кайратмандыгынын натыйжасы. Алардын эрдиги жана жеңиштери олуттуу диалог үчүн шарттарды түздү. Биз ар дайым кризистерди тынчтык жолу менен чечүү зарыл экенин айтып келгенбиз жана азыр дагы ушуну талап кылабыз.
Бирок, Россия менен АКШнын мамилелеринин жакшыруусун баары эле каалабайт. Батыш элиталарынын бир бөлүгү дүйнөдөгү туруктуулукту бузууга кызыкдар бойдон калууда. Алар башталган диалогду үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышат. Биз муну билип, дипломатиялык жана атайын кызматтар аркылуу мындай аракеттерге каршы туруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек.
ФСБнын негизги милдеттери
ФСБ өз ишмердүүлүгүн бардык негизги багыттар боюнча улантуусу зарыл. Биринчи кезекте, бул – эл аралык терроризмге каршы күрөш. Өткөн жылы террордук мүнөздөгү кылмыштардын саны көбөйдү. Алардын көбү украиналык атайын кызматтар тарабынан уюштурулган.
ФСБ жана башка органдар террордук актыларды алдын алуу, аскердик жана өнөр жай объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти күчөтүшү керек. Айрыкча, Донбасс жана Новороссия аймактарында иш алып барган бөлүмдөргө көңүл буруу маанилүү.
Мамлекеттик чек араны коргоо
Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча кошумча чаралар көрүлүшү керек. Аскердик бөлүктөр, Росгвардия жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте чек ара аймактарындагы калктын коопсуздугун камсыздоо зарыл.
Контрчалгындоо жана маалыматтык коопсуздук
Жетелеш өлкөлөрдүн чалгындоо кызматтарынын активдүүлүгү өскөнүн көрүп жатабыз. Бул айрыкча аскердик операциялардын жүрүшүндө байкалууда.
Ошондуктан, аскердик жана стратегиялык маалыматтарды коргоону күчөтүү маанилүү. Бирок, жарандык технологияларга келгенде, ар бир кадамды акыл менен жасоо зарыл. Илимий жетишкендиктерди жашыруун сактап койбостон, аларды өндүрүшкө тезирээк киргизип, экспортту өнүктүрүү керек.
Экономикалык коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөш
Экономикалык коопсуздукту камсыздоо – бул сиздердин ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири. Жергиликтүү бизнес кызыкчылыктарын коргоо, каржы жана банк секторундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү абдан маанилүү.
Ошондой эле, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү керек. Мамлекеттик буйрутмалардын, улуттук долбоорлордун жана ири программалардын аткарылышына тыкыр көз салуу зарыл.
Киберкоопсуздук
Санариптик технологиялар өнүккөн сайын, маалыматтык инфраструктурага, мамлекеттик сайттарга жана мамлекеттик корпорациялардын ресурстарына чабуулдар көбөйүүдө. Бул көйгөйгө каршы күрөшүү сиздердин мекеменин негизги милдеттеринин бири.
Урматтуу кесиптештер!
Быйыл биз Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын белгилейбиз. Ошол күндөрү атайын кызматтардын, чалгынчылардын, чек арачылардын эмгеги баа жеткис болгон. Алар нацизмге жана алардын жардамчыларына каршы күрөшүп, эбегейсиз салым кошкон.
Бүгүнкү күнү да биздин аскерлер, биздин кызматкерлер ушул даңктуу салтты улантып, Ата Мекендин кызыкчылыктарын жана коопсуздугун коргоодо.
Сиздерге ийгилик каалайм жана кызматынар үчүн ыраазычылык билдирем! - деди президент Путин.