www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кардиохирургия тармагында кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн Кыргызстанга келген медицина илимдеринин доктору Уильям Новик баштаган америкалык дарыгер-кардиохирургдар тобу менен жолугушуу өткөрдү.
Адылбек Касымалиев конокторду тосуп алып, МинКаб жана жеке өзүнүн атынан дарыгерлерге жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган балдарга операция жасоо боюнча долбоорго катышуу демилгеси үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал бул демилгенин Кыргызстандын балдарынын ден соолугу үчүн кардиохирургия жаатындагы зор маанисин белгиледи.
"Биз кардиохирургия — бул профессионалдуулукту гана эмес, олуттуу күч – аракетти талап кылган медицинанын жогорку технологиялык тармагы экенин түшүнөбүз жана сиздердин жардам биз үчүн абдан маанилүү", - деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.
Адылбек Касымалиев медицина тармагында кызматташуу маселелерин талкуулоодо Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында эл аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди. Ал америкалык дарыгерлердин сапары тажрыйба алмашууга жана Кыргыз адистеринин квалификациясын жогорулатууга кызмат кылаарына ишеним билдирди. Атамекендик врач-кардиохирургдарды заманбап ыкмалар менен окутуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Министрлер кабинети жалпысынан коомдук саламаттыкты жакшыртууга багытталган ар кандай демилгелерди колдоорун баса белгиледи. Ал Өкмөт дарыгерлер тобунун иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүп берет жана дарылоо процессин уюштурууга ар тараптуу жардам берет деп ишендирди.
Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев мындан аркы кызматташууга жана өлкөдө кардиохирургияны туруктуу өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого даярдыгын билдирди.