www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-февралда Пакистандын Наушера районундагы мечитте жарылуу болду. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жергиликтүү полицияга таянуу менен билдирди.
Жарылуу Дар аль-Улум Хаккания мечитинде болгону маалымдалды. Натыйжада кеминде төрт адам каза болуп, 12 адам жаракат алган. Ошол эле учурда медициналык мекемелерде күчөтүлгөн тартипте иштөө режими жарыяланды.
"Пакистандын түндүк-батышындагы Дар аль-Улум Хаккания мечитинде болгон жардыруудан төрт намаз окуп жаткан жаран өлүп, ондогон киши жарадар болду", — деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, жарылуу Рамазан айынын алдындагы акыркы жума намазында болгон. Окуянын башка чоо-жайы азырынча айтыла элек.
Эске сала кетсек, буга чейин Пакистандын Белужистан провинциясында куралчан адамдар автобуска кол салып, 7 пенжабиялык жүргүнчү каза тапкан. Кол салгандар автобусту жолдун ортосуна токтотуп, дөңгөлөктөрүн атып салышкан.
Мухаммад Ходиев, Ташкен