www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Каролинадан келген республикачыл конгрессмен Джо Уилсон АКШнын президенти Дональд Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн 250 долларлык купюраны чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу Axios билдирди.

"Биденфляция экономиканы талкалап, америкалык үй-бүлөлөрдү көбүрөөк накталай акча алып жүрүүгө аргасыз кылды", - деп түшүндүрдү конгрессмен өз демилгесин.

Уилсон Трамптын портретинин дал ушул банкнотто чагылдырылышынын себеби катары "эң баалуу банкнот - эң баалуу президент үчүн" деген сунушту алдыга койгон.

Буга чейин айрым конгрессмендер Дональд Трамптын туулган күнүн улуттук майрам деп жарыялоону жана ага үчүнчү жолу президенттикке ат салышууга уруксат берүүнү сунушташкан.

Бирок конгрессмен Вильсондун сунушу мыйзамсыз деп эсептелет. 1866-жылы АКШ Конгресси банкноттордо жана тыйындарда тирүү адамдардын сүрөтүн тартууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Бирок, Трамптын тарапкерлери азыр Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүккө ээ, бул теориялык жактан бул эреже жокко чыгарылышы мүмкүн дегенди билдирет.

Маалымат үчүн айта кетсек, учурда АКШда жүгүртүүдөгү эң чоң номиналдагы банкнот 100 долларды түзөт. Буга чейин өлкөдө 10 жана 100 миң долларлык банкноттор да чыгарылган. Алар мындан ары жок, бирок банктар аралык операциялар же коллекция максатында сакталат.

Эске салсак, буга чейин АКШнын Флорида штатынан республикачылардын өкүлү Анна Паулина Луна президент Дональд Трамптын жүзүн Рашмор тоосуна кошуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Конгресс бул мыйзамды жактырса, Ички иштер министрлигине Трамптын жүзүн ташка оюп салуу милдети жүктөлөт.

Шехроз Жалгашев, Ташкен

Последние новости