www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиядан  С-400 ракеталарынын көздөлгөндөн дагы эрте алына турганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Орусиянын президенти Владимир Путин менен өз алдынча жолугушуу өткөрдү.

Президенттик сарайда жабык эшик аркасында өткөн жолугушуу бир жарым саатка созулду.

Андан соң «Түркия-Орусия Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйналышына» катышкан эки лидер биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Президент Эрдоган, Орусияда президенттик шайлоону жеңип алган Путинди жеңишинен улам дагы бир жолу куттуктады.

Эрдоган, Путиндин шайлоодон кийин чет өлкөгө  алгачкы сапарын Түркияга жасаганы ыраазы кылганын айтты.

Жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушууларда эки өлкөнүн карым-катнаштарын бардык жагынан карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн тапкандарын белгилеген Эрдоган, эки тараптуу соода көлөмүнүн өткөн жылга салыштырмалуу 32 пайызга артканын белгиледи жана соода көлөмүнүн максаты 100 миллиард доллар экенин билдирди.

Бүгүн Мерсинде пайдубалы түптөлгөн Аккую атомдук станциясынын биринчи баскычын 2023-жылга дейре куруп бүтүрүүнү ойлогондорун айткан Эрдоган, станциянын 20 миллиард доллардан аша турган инвестиция экенине көңүл бурду.

Сөзүндө Сирия темасына да токтолгон президент, айрым эреже бузууларга карабастан Казакстандын борбор калаасы Астанада жетишилген ок атышпоо багытында чоң максаттарга жеткендерин белгилеп, «Толук түрдө болбосо да Сирияда чоң өлчөмдө жарандардын каза болушуна бөгөт болдук»,-деди.

Түркия-Орусия-Иран Үчтүк саммити тууралуу да президент Эрдоган: «Эртең ирандык кесиптештерибиздин да катышуусу менен өткөрө турган үчтүк саммит жыйналышында бул процесстин Астана жолугушууларынын багыты туурасында пикир алмашуубузду абдан башкача түрдө карап чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз болот»,-деп айтты.

Путинге Түрк куралдуу күчтөрү жүргүзгөн Африн кыймылынын жыйынтыктарын түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүн тапканын белгилеген Эрдоган, «Кыймылдын коңшубуз Сириянын жеринин бүтүндүгү жагынан абдан маанилүү экенин айттым. Сириянын келечегинин ДЕАШ, ЙПГ (жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы) сыяктуу террордук уюмдарга калтырылбагыдай түрдө маанилүү экенине ишенүүдөбүз»,-деп айтты.

Эрдоган Орусиядан алына турган С-400 ракеталары тууралуу да тапшыруу күнүнүн дагы эрте боло турганын билдирди.

Орусиянын президенти Путин да, Эрдоган менен эки тараптуу кызматташтык менен катар аймактык темаларды карагандарын белгилеп: «Түркия менен карым-катнаштар илгерилеп баратат. Ар башка темаларда жаңы келишимдер үчүн тийиштүү мекемелерге даярдык буйругу берилди. Эки жактуу инвестицияларды арттыруу ниетиндебиз»,-деди.

Түрк агымы тууралуу деңиз жагында эки башка багыт курулганын айткан Путин, көп өтпөй кургактык бөлүгүндө да орнотуу иштери ишке аша турганын билдирди.

Президент Эрдоган менен С-400 ракеталык системалар боюнча келишимдин ишке ашырылышын да карагандарын белгилеген Путин, тапшыруу мөөнөтүн ылдамдатуу чечимин чыгаргандарын айтты.

Президент Эрдоган андан соң Путиндин урматына кечки сый тамагын берди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости