www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия СССР кетирген катаны кайталабайт, анын экономикасы ачык бойдон калат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин Петр биринчинин 350 жылдыгына карата өткөн көргөзмөдө билдирди.

Путиндин кебинин урунттуу учурлары:

Эгер экономика аксап, жөтөлүп, чүчкүрүп жатса коомчулукту бир муштумга бириктирүү мүмкүн эмес;

Микроэлектрониканы чектөө — Орусияга сокку уруунун негизги багыттарынын бири;

Батышта инфляцияны менин атым менен атап жатышат, бирок биз ага күнөөлүү эмеспиз;

Орусиядай өлкөнү эч ким сыртынан коргон кылып курчап сала албайт, мамлекеттин да өз айланасын тосуп, обочолонуп алуу ниети жок;

Петр I аймактарды кайтарып, бекемдеген, ал милдетти аткаруу бизге да буюруп жатат;

Мамлекет арсар абалда тура албайт, же колония, же эгемен өлкө болушу керек.

Бул күндөрү Орусия Петр Iдин 350 жылдыгын белгилөөдө. Орус тарыхында бул падыша катаал ыкмалар менен мамлекеттин күчүн бекемдегени айтылат. Анын бийлиги тушунда бир катар прибалтикалык аймактар Швециядан Орусияга өткөн.

Алардын айрымдары, анын ичинде азыркы Эстония жана Латвиянын бир бөлүгү эч качан Орусиянын курамына кирген эмес. Путин “кайра кайтаруу” дегенде кайсы аймак жөнүндө сөз кылып жатканын айткан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости