www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин ракета ташыган жаңы муундагы учакка түшүп көргөнүн РИА Новости жазды.

Россиянын президенти стратегиялык Ту-160M учагы конгондон кийин анын күчүнө жана ыңгайлуулугуна баа берген.

"Техника мыкты экен, жаңы муунда экени сезилип турат! Куралдуу Күчтөрдүн курамына кабыл алууга болот", — деди Путин.

Аба техникасы Горбунов атындагы Казань авиациялык заводунун тилкесине конгон. Президент үчүн учуу алдындагы даярдык 45 мүнөткө, учуунун өзү 30 мүнөткө созулган.

Ту-160M — алыскы аскердик аймактарда маанилүү буталарды талкалоого арналып, мурдагы үлгүсүнө салыштырмалуу заманбапташтырылып чыгарылган.

Путин 2005-жылы дагы Ту-160 "Павел Таран" учагына түшүп, беш саат асманда учуп, сынамыкка ракеталар ташталган.

Последние новости