www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тоолуу Карабах окуясы боюнча азыркы учурдагы эң чоң жетишкендик - кан төгүүнү токтотуу. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "Россия 24" телеканалына берген маегинде билдирди.
"Эң негизги жетишкендик - кан төгүүнү токтотконубуз болду. Анткени бул кино эмес, миңдеген адамдардын, үй-бүлөлөрдүн тагдыры. Бул трагедия", — деди Путин.
Анын айтымында, Азербайжан президенти Ильхам Алиев октябрь айында Шуша шаарына качкындарды кайтарып келгенде эле ок чыгарууну токтотууга даяр экенин билдирген. Бирок Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян бул сунушту четке каккан.
Ошондой эле ал Алиев жана Пашинян менен согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү телефон аркылуу 19-20-октябрда жүргүзгөнүн кошумчалады. Бирок анда Армения муну өзүнө кооптуу жана пайдасыз экенин билдирип, сүйлөшүүлөр токтоп калган экен.
Белгилей кетсек, Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген.
Ага ылайык, Тоолуу Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулар барган.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан эки тарапты тең сабырдуулукка чакырган. Ошондой эле аймактын бүтүндүгү жана эгемендүүлүк принциптерин сактоо менен тынчтыкта, сүйлөшүү жолу аркылуу жаңжалды жөнгө салуусун жактай турганын билдирген.
Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү көз карандысыз деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, аскердик кагылышууга чейин жеткен. Ошондон бери атышуулар токтобой, эки тарап абалга бири-бирин күнөөлөп келет.
Булак: NazarNews.kg