www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин өлкөдө жыныс алмаштырууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Документ укуктук маалыматтар расмий порталында жарыяланды.
Документке ылайык, Россияда трансгендердик өткөөл мезгилдин алкагында операция жана гормоналдык терапияга тыюу салынат. "Балдардын жыныстык түзүлүшүнүн тубаса физиологиялык мүчүлүштүгүн дарылоого" гана уруксат берилет.
Мыйзам гендердик маркерди алмаштырууга тыюу салат, бул - чет өлкөлөрдө да операция жасатууга болбойт дегенди билдирет. Мыйзам күчүнө киргенден баштап трансгендерлерге бала асырап алууга тыюу салынат. Түгөйлөрдүн бири жынысын алмаштырса никеси жокко чыгат.
Мыйзам жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, Россияда былтыр декабрдан бери гомосексуалдуулук, бисексуалдуулук жана трансгендерлик тууралуу позитивдүү маалыматтарды бөлүшүүгө тыюу салынган. Бул үчүн 400 миң рубль көлөмүндөгү айып пул каралган.
Булак: NazarNews.kg