www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин мушкер Хабиб Нурмагомедов менен жолугат. Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымдады.

Мындан тышкары Владимир Путин телефон аркылуу Хабиб Нурмагомедов менен байланышып, Жастин Гэтжи менен болгон беттеште жеңишке жетишкени үчүн куттуктаган.

Белгилей кетсек, «РИА Новости» Песковго шилтеме берүү менен Путин Хабиб эс алгандан кийин жана эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин жолугарын айтканын жазды.

Ошондой эле ишемби күнү Нурмагомедов америкалык Жастин Гэтжи менен беттешип, чемпиондук курун коргоп калды. Беттештен кийин 32 жаштагы Хабиб UFC'деги профессионалдык карьерасын жыйынтыктаганын билдирген.

Эске салсак, Нурмагомедов карьерасында жалпы 29 беттеш өткөрүп, бир да жолу жеңилген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости