www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Таалайбек Өмүралиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, бул Өмүралиевдин аталган кызматка начальник болуп дайындалгандан берки эл аралык деңгээлдеги алгачкы жолугушуусу. 

Кезигишүүдө тараптар аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык боюнча пикир алмашты.

Өмүралиев жайында, пандемия күч алып турганда, Россия Кыргызстанга аскердик медиктерин жибергени үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле стратегиялык өнөктөштүк алакасын мындан ары бекемдөөгө даяр экенин айткан.

Тараптар Россиянын Кыргызстандагы аскердик базасынын ишин жакшыртуу маселесин да карашты.

Ошондой эле Николай Удовиченко аскер жана аскердик-техникалык багытта Россия пландалган иш-чараларды жүзөгө ашырууну уланта берерин айтып, буга чейин мамлекеттер аралык сүйлөшүлгөн каржы-экономикалык багыттагы келишимдерди аткаруу үчүн чара көрүлөрүн кошумчалады.

Тараптар коопсуздук жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн аскердик багыттагы кыргыз-орус мамилелери мындан ары өнүгүп, бекемделе турганын белгилешти.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости