www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунда ири суммадагы акча жана алтын буюмдарды уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 17-августунда Араван районунун тургуну 42 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, анда 14-августта саат 14:15 чамасында сумкасын жоготуп алгандыгын көрсөткөн. Ал сумкада 484 миң сом жана 35 миң сомду түзгөн алтын буюмдар бар болчу.

Аялдын айтымында, белгисиз адамдар анын кара булгаары сумкасын алмаштырышкан, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен. Ал келтирилген материалдык чыгымдын баасын 519 миң сомго баалаган.

Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурулук”) боюнча сотко чейинки процесстер башталды.

Тергөө жана ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну кармалды. Тергөө иштери аяктап, иштин материалдары сотко жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости