www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 26-октябрда “ЭлТР” телеканалынын кызматкерлери Шаиста Шатманова (Супер-Инфонун мурдагы жетекчиси) башкы директор болуп дайындалгандыгына байланыштуу жумуштан кетишкен. Бүгүн, 27-октябрда айрым кызматкерлер жумушка келип, кызматтарын кылып жатышат.

“Жаңылыктар эфирге чыгып жатат. Бирок Шатманованы жаңылыктар жана радио бөлүмдөрү колдобой жатышат. Менин кесиптештеримдин көпчүлүгү командадан кимдир бирөөнү жетекчи катары көргүсү келет”, – деди телеканалдын журналисттеринин бири.

Шаиста Шатманова өзү Ош шаарына иш сапары менен баргандыгын журналисттерге билдирди.

“ЭлТРдин командасынын көпчүлүгү Ош шаарында. Мен булар менен таанышуу, пландарын жана учурдагы шарттарын талкуулоо үчүн жумушчу сапар менен келгем. Кечээки кырдаалга токтолсок, эфир үзгүлтүксүз уланууда. Бишкектик журналисттердин талабы мени директор кылбоо. Бул маселе жакынкы аралыкта чечилет”, – деп түшүндүрдү ал журналисттерге.

Анын айтымында, ал телеканалды басып алган эмес жана мыйзамдуу түрдө дайындалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости