www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бабанов менен Көтанинин «Граф» менен кандай тиешеси бар дегендер чыгар. Орусиянын кылмыш дүйнөсүндө күчтүү авторитетке жетишкен токмоктук Алижан Ибрагимов Кыргызстандын саясатына кийлигише калчу. Кантсе да уйгур болсо да токмоктук эмеспи. 2007 - жылы «Граф» ал кезде губернатор болуп турган Көтанинин Нарын облусунда ворлордун «сходкасын» өткөрөт. Негизи «черныйлар» «понятиеси» боюнча башка жерде «сходка» өткөзсө да «красный» эсептеген Көтанинин аймагында өткөзбөш керек эле. Анткени, Көтани ага чейин аз болсо да Ички иштер министри болгон, түбү «красный» же милиция. Эмнеге «Графка» «жашыл жарык» күйгүзгөнү белгисиз.
Бабанов менен «Графтын» бекем достугу болгон. Ошондуктан, Каракулжанын кулуну Сооронбай Жээнбековго бут тосуу үчүн «Граф» катуу аракеттерди баштайт. Өзүнүн Ысык-Көлдөгү жеке пансионатына Орусия менен Казакстандын таасирдүү адамдарын топтойт. Бабановду колдоо үчүн 2017-жылдын 1-сентябрында «Астана-Бишкек» түнкү рейси менен Алижан Ибрагимов «Манас» эл аралык аэропортуна келип түшкөн. Эми Ибрагимов тууралуу кыскача маалымат бере кетели. Ал 1953-жылы Өзбекстандын Фергана шаарында жарык дүйнөгө келген. Кийин Кыргызстандын Токмок шаарына көчүп келет. Учурда Казакстандын жараны, андан сырткары Улуу Британиянын да жарандыгын алган. «Евразиялык банк» АКСынын президенти, казакстандык ири ишкерлердин бири болуп саналчу.
Өмүрбек Бабанов менен жолугушууга «Граф» жалгыз келген эмес, аны менен чогуу бай бизнесмендер Дагестан республикасынын Дербент шаарынын тургуну Сулейман Керимов, Дагестан Республикасынын Махачкала шаарынын тургуну «Вимм-Билл-Данн» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү миллиардер кылмышка шектүү Гавриил Юшваев чогуу келгендиги айтылган. Сулейман Керимов миллиардер болгону менен рейдерлик кылган кылмышка байланыштуу иш козголгон.
«Графтын» артынан эле 3-сентябрда жеке менчик самолету менен Ысык-Көл облусунун Тамчы айылына «Жерүй» кенин Бабановдун жардамы менен алган Муса Бажаев келип конгон. Бажаев 1966-жылы Чечен Республикасынын Грозный шаарында жарык дүйнөгө келген. «Группа Альянс» ААКсынын президенти, «Жерүй» алтын кенинде үлүшү бар. «Жерүй» алтын кени боюнча Ө. Бабанов менен М. Бажаевдин байланышы боюнча ММК беттеринде көп жазылды. Ошону менен катар «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргызстанда 2015-жылы катталган. Анын негиздөөчүсү «Жерүй» алтын кенин иштетүү боюнча конкурста жеңишке жеткен «Восток-геолдобыча» ААКсы. Өз кезегинде «Восток-геолдобыча» Муса Бажаевге тиешелүү болгон «Русская Платина» компаниясынын алдындагы фирма болуп саналат. Ошону менен бирге «Альянс Алтын» ЖЧКсынын 20% үлүшү Өмүрбек Бабановго караштуу фирмага тиешелүү экенин маалымат каражаттары чуулдатканы чуулдаткан.
Эми окуяны андан ары улайлы.Бабанов менен олигархтардын жолугушуусу Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттардын биринде өттү дейт. Бул пансионат «Граф» Ибрагимовго тиешелүү болгон. Ошол кезде Бабановдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылоо маселеси көтөрүлүптүр. Ал эми ага «ыраазычылык» катары Бабанов шайлоодон кийин аларга өлкөбүздөгү кен чыгуучу жайларга беш колдорун матырууга уруксат берген дешет.
Баса, мындан сырткары Бабанов менен казакстандык дагы бир олигарх Б. Утемуратовдун макулдашуусу боюнча да желип-жорткон кептер айтылууда. Утемуратов да Бабановдун шайлоо кампаниясын каржылоого катышат, ага «ыраазычылык» катары «Альфа Телеком» (Мегаком) ЖАКсынын акцияларынын пакетин Казакстандын пайдасына сатууну жана айрым кыргызстандык алтын кендерин берүү сүйлөшүлгөнүн Ѳмүрбек Токтогулович жокко чыгарган эмес. Мындан улам суроо жаралат: эгерде Бабанов жеңишке жетише турган болсо, анда ал «ыраазычылык» катары өлкө экономикасын толугу менен олигархтардын колуна өткөрүп бермек беле? Албетте, бийликке жетсем дегенде эки көзү төрт болуп турган Өмүрбек Бабанов чет өлкөлүк олигархтарга кандай чоң убадаларды берип салганын ѳзү коомчулукка ачык айткан жок.
Өзгөчө көңүл бура турган жагдай – Ө. Бабанов менен А. Машкевичтин байланышы. Машкевичтердин үй-бүлөсү 1941-жылы Кыргызстанга эвакуацияланып, ошол бойдон калып калышкан. Александр Машкевич өзү 1954-жылы жарык дүйнөгө келген. Педагогика илимдеринин кандидаттыгын жактай алган. Кыргыз педагогикалык институтунда факультеттин деканы да болууга жетишкен. Анан кайра куруу доору башталганда бизнеске ооп кеткен. Бүгүнкү күндө Израилде жашайт. Ал «Граф» Ибрагимовдун өнөктөшү, «Евразиялык банк» компаниясынын директорлор Кеңешинин төрагасы.
Машкевич «Кумтөр» долбоору боюнча көз боемочулуктун башатында «Сиабеко Групп» компаниясы менен бирге турган. Бул компаниянын президенти Канаданын жараны Б. Бирштейн, ал эми вице-президенти Машкевич болгон. Ошол убакта «Кумтөрдү» иштетүү боюнча башка бир катар компаниялардан көбүрөөк пайдалуу сунуштар түшкөнү менен алтын кенин иштетүү мүмкүнчүлүгүэч кандай конкурсу жок эле «Камеко» корпорациясына берилген.
Ошентип «Кумтөр» долбоору боюнча алданып калганыбызды кечирээк байкап, жер сабаганыбыздан пайда чыккан жок. Ал эми Бирштейн менен Машкевич өздөрүнүн максаттарын жүзөгө ашырып алган соң, аталган долбоордон акырын чыгып кетишти. Эми минтип «Кумтөрдөн» кийинки эле ири алтын кени болуп саналган «Жерүйгө» кызыгышууда. Кыязы, дал ушул жалпы кызыкчылык үчүн олигархтардын тобу өздөрүнүн ѳнѳктѳшү Ө. Бабановду колдошкон. Капиталынын кайтарылышына, болгондо да аны көп эселеп кайтарып алуусуна кепилдик болбосо, олигархтар саясый долбоорго эч качан каражат коротушпайт. Андыктан, алардын ишенимдүү түрдө Бабановду колдоону чечишкендери, демек, короткон каражаттарын он эселеп кайтарып ала тургандыктарына Өмүрбек Токтогуловичтен кепилдик берилгендигин түшүндүрүп турган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg