www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанга караштуу Ворух айылы Кыргызстандын аймагынын ичинде жайгашкан. Бул аймакта 40 миңге жакын адам жашайт. Ворухта  төмөнкү  махаллялар жайгашкан:):

Сари-Дашт, Тидон, Кучаи-Боло, Сари-Курум, Гузар, Навобод, Кишлок, Майдон, Сари-Канда, Таги-Махалла, Калъача, Точикон Санг-туда.

Махаллялар кичнекей бөлүккө бөлүнүшкөн:

Тидон —  Кучаи-Кози, Кучаи-Шикори, Мугокига; Гузар —  Гузар, Кучаи-Кози, Заровон, Кодонго жана башкалар бар. Буга чейин дал ушул анклав чектеш аймакта бир нече жолу чек ара чатагы орун алган.

Эгер Ворухка коридор ачылса, Кыргызстан үчүн жаңы эксклавдын ачылышын шартташы мүмкүн экенин вице-премьер кошумчалады. Жеңиш Разаков чек арадагы чырлар дал ушул маселелердин айланасында да пайда болуп жатат деген пикирин билдирди.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министри Жеңиш Разаков  билдирди. Анын айтымында, Тажикстан Ворух анклавына коридор алууга аракет кылып келет. “Бирок ага коридор бере албайбыз. Анткени ортодо Аксай деген айылыбыз бар” - деди Разаков.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости