www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-марттан тарта WhatsApp мессенджери активдүү эмес колдонуучулардын аккаунттарын биротоло өчүрөт. Бул тууралуу Primpress басылмасы жазып чыкты.

Адистердин айтымында, көптөгөн WhatsApp аккаунттарынын ээлери жакынкы арада жагымсыз сюрпризге туш болушу мүмкүн.

"6-марттан тарта мессенжер 120 күн бою активдүү болбогон колдонуучулардын жеке аккаунттарын өчүрө баштайт. Бардык маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгү жоголот. Мессенжердин колдонуучусунун активдүүлүгү жөн гана аныкталат: адам тиркемеге интернет менен кириши керек. Бул Wi-Fi тармагы жана мобилдик Интернет сыяктуу болушу мүмкүн. Тармакка кирбей туруп WhatsApp колдонуу актив катары эсептелбейт”,-деп айтылат маалыматта.

WhatsApp иштеп чыгуучулары бул чараны эстутумдун жалпы көлөмүн үнөмдөө зарылчылыгы менен түшүндүрүшөт.

“Мындан тышкары, активдүү эмес аккаунттарды жок кылуу тиркеменин коопсуздук деңгээлин сактоо жана кадимки колдонуучулардын маалыматтарын коргоо үчүн зарыл”, — дейт басылма.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости