www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
WhatsApp мессенжеринде жарандар арасында жол кырсыгына кабылган бала тууралуу сүрөттөр тарап, анын ата-энеси табыла элек жана бала каза болду деген жалган маалыматтар таралууда.
Бул факты боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы маалымдайт, 2026-жылдын 22-март күнү Т. Фрунзе — Каховская көчөлөрүнүн кесилишинде 1985-жылы туулган Ө.Ж.М. аттуу айдоочу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан учурда 2010-жылы туулган К.у.А. аттуу жашы жете элек баланы сүзүп кеткен.
Жол кырсыгынын натыйжасында бала №3 Балдар ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер тарабынан балага айкалышкан оор жаракат жана сол ийининин жабык сыныгы деген диагноз коюлуп, ооруканага жаткырылган. Учурда бала тирүү, абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө, ата-энеси жанында.
Бала каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт.
МККБ жарандарды мессенжерлерде жана социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө чакырат.