www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук чалгын кызматы Wikileaks жарыялаган документтер боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Wikileaks сайтынын авторлору ырастагандай, Борбордук чалгындоо кызматынын (ЦРУ) хакердик ыкмаларын ачкан миңдеген документтер сайтына жайгаштырылды. Бул документтерде компьютер, смартфон вирустары, тыңшоочу каржатка айланып кеткен «акылдуу» телевизорлор тууралуу сөз болот.

Тактап айтканда, АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын киберкуралдары тууралуу айтылган. Компьютердин Windows, Android, iOS, OSX жана Linux операциялык системасын, ошондой эле интернет-роутерлеринин вирустары бар экени көрсөтүлгөн.

Бул программалардын бир бөлүгү АКШда иштелип чыккан дейт документтин авторлору. Бирок британдык МИ-5 чалгын кызматы Samsung телевизоруна атайын программа орнотууда америкалыктарга көмөктөшкөн.

Борбордук чалгын кызматынын өкүлдөрү жана британдык расмийлер Wikileaks жарыялаган документтер боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Wikileaks өзүнүн булактары бул маалымат менен бөлүшүү аркылуу, чалгын кызматынын хакердик мүмкүнчүлүгү мыйзамдардан аша чаап кеткен жокпу деген талкууга жем таштап жатканын белгиледи.

Би-би-си коопсуздук маселеси боюнча кабарчысы Гордон Корера белгилегендей, мурда Эдвард Сноуден көптөгөн сыр материалдарды ачыкка чыгарып жибергенде АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги чоң жаңжалдын ичинде калган. Эми мындай кырдаалга чалгын кызматы туш болуп жатат.

Бузулган телевизор

Эдвард Сноуден Wikileaks маалыматына таасирленгенин жана ал чындыкка жакын экенин Эдвард Сноуден Wikileaks маалыматына таасирленгенин жана ал чындыкка жакын экенин "Твиттер" баракчасына жазды.

Эгер бул документтерге ишенсек, 2014-жылдын июнь айында Samsung телевизорунун F8000 сериясына жасалган хакердик чабуул «Weeping Angel» ("Ыйлаган периште») деп аталган. Бул жерде кеп, телевизордун өзгөчө режим абалы тууралуу жүрүүдө. Колдонуучу телевизор өчүрүлгөн деп ишенет, бирок ал өзгөчө абалда тура берет.

Авторлор ырастагандай, вирус киргенден кийин телевизорлор бөлмөдөгү үндөрдү жашыруун жазып алып, телевизорду иштеткен учурда wi-fi калыбына келер замат, ал үндү чалгын кызматынын серверине жөнөтүп жиберет. Келечегинде бул программаны видео тартууга боло тургандай иштеп чыгуу планы да бар экени айтылат. Samsung компаниясы бул айтылгандар боюнча азырынча эч кандай билдирүү жасаган жок.

Борбордук чалгын кызматы Samsung «акылдуу» телевизору аркылуу сүйлөшүүлөрдү угууга мүмкүнчүлүк тапты деп айтылууда.Борбордук чалгын кызматы Samsung «акылдуу» телевизору аркылуу сүйлөшүүлөрдү угууга мүмкүнчүлүк тапты деп айтылууда.

Apple каражаттарына чабуул

Wikileaks өткөн жылы Борбордук чалгын кызматы Android платформасынын 24 жылчыгын таап чыккан деп билдирет. Булар буга чейин эч ким билбеген коопсуздук программасындагы кемчиликтер экен. Бул табылганын көбүн чалгын кызматынын адистери табышкан. Айрымдарын болсо британдык байланыш боюнча борбору жана АКШнын коопсуздук кызматы жана аты аталбаган уюмдар тарабынан чалгын кызматына келген дейт документтин авторлору.

Жыйынтыгында Samsung, HTC жана Sony сыяктуу компаниялардын гаджеттери хакердик чабуул үчүн ачык эле болуп калган. Чалгын кызматы Whatsapp, Signal, Telegram жана Weibo сыяктуу чат аркылуу жөнөтүлгөн чакырууларды окуй алат.

Wikileaks негиздөөчүсү Жулиан Ассанж киберкуралдар кокунучунун жайылганы тууралуу мурдатан эле эскертип келүүдөWikileaks негиздөөчүсү Жулиан Ассанж киберкуралдар кокунучунун жайылганы тууралуу мурдатан эле эскертип келүүдө.

Ошондой эле документтерде, чалгын кызматы с iPhone жана iPad боюнча иштей турган өзгөчө бөлүм түзгөнү айтылат. Алардын максаты объект жүргөн жерин аныктоо жана андагы видеокамера менен микрофонду активдештирип, анын жазган каттарын окуу. Бул бөлүм жогоруда айткандай iOS системасынын табылган жылчыкчаларынан пайдаланган.

Wikileaks чалгын кызматынын интернетке туташпаган компьютерлерге да вирус тарата турган мүмкүнчүлүгү, дагы башка бир топ хакердик технологиядагы жаңы ыкмалары тууралуу маалыматтарды жарыялаган.

Wikileaks жарыялаган документтерин Борбордук чалгын кызматынын хакердик ишмердүүлүгүн ачуунун биринчи сериясы деп атады.

Булак: "bbc.com"

Последние новости