www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айрым адамдарга жараткан бардыгын берет экен да, бир нерседен кем кылып коёт экен. Маселен, акча, байлык, үй-бүлө, кызмат дегендин баарын. Бирок адамдык улуу сапаттан куру жалак калтырса, берегилердин баары түккө арзыбайт экен.
Мисалы, кыргыздын дагы бир тыңчыкма, чыйрак уулу Өмүрбек Бабановду алып карайлы. Бул мырза да баары бар. Жок деп айтууга акысы да жок. Бир гана ажолук кызмат, даража калды. Бирок Өмүке жараткандын бергенине шүгүр дебеген сапаты менен башкалардан өзгөчө. Дагы алсам, дагы жетсем дей берет. Албетте, алдыга умтулган жакшы, бирок ошол эле маалда жеке өзү үчүн гана умтулуу жана ал умтулуусуна жетуу учун бүгүнкүдөй мамлекетти, элди пайдалануунун арты жакшы болбойт эмеспи. Мына ушул Бабанов алдыдагы ажо шайлоого катуу даярданып атат. Жер-жер- лерде штабын түзүү менен алек. Жанына адамдарды топтоп дегендей. Мунусуна да макул дейли.
Бирок Өмүрбек мырза кыргыз мамлекетинин не деген кызматтарында иштеп келе жатып, мамлекет жана эл үчүн эмне кыла алганын сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө айтып бере албай атканы аттиң дедирет. Орусияга, Пензага барып алып ажолукка ат салышсачы деген ой чулгайт да, атаганат...
Булак: “Мантыш”