www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Путин “Буревестник” менен “Посейдон” сыяктуу “аналогсуз” куралдардын жарыялап, дүйнөгө дагы бир жолу өзүнүн өзөктүк мүмкүнчүлүгү кеңери экендиги боюнча коңгуроо каккан. Бирок андан көп убакыт өтпөй, АКШ биринчи жолу өтө купуя болгон жаңы ядролук стелс-ракетасы AGM-181 LRSOну ачык көрсөткөн сүрөттөрдү коомчулукка чыгарды.
Бул АКШнын өзөктүк стратегиясындагы жаңы барак. Аталган ракета мурдагы муундагы ALCM ракеталарынан кичине, радардын көзүнө дээрлик көрүнбөйт жана андан да алыс аралыкка жетет.
Вашингтондун бул жаңылыгы, Москва жарыялаган чексиз учуучу Буревестникке жана океандын түбүнөн жүрүүчү Посейдонго символикалык жооп катары кабыл алынууда. Бир сөз менен айтканда, “сенде бар жаңы курал, бизде дагы бар” деген сүр көрсөтүү.
Өкүнүчтүүсү, Россия да, АКШ да жаңы заманбап ракеталары менен мактанып жаткан учурда, планета кооптуу жаңылыштыкка, түшүнбөстүккө же туура эмес баага кабылышы мүмкүн. Анткени ядролук дүйнөдө кандайдыр бир жаңылыш кадам, миңдеген тагдырлардын баасыны турушу ыктымал.