www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров башка президенттерден айырмасы ачууну да, таттууну да көргөн. Биздин акыркы мезгилде мамлекетти жетектегендердин дээрлик бардыгы учурунда эл ишенимине ээ болуп эл депутаты жүгүн көтөрүп келгендер. Алсак, биринчи президент Аскар Акаев 1989-жылы ал кездеги СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Депутат катары олуттуу маселелерди көтөргөндүктөн элдин оозуна алынган. Ошол убакта СССР Жогорку Советина аны менен кошо Апсамат Масалиев, Чыңгыз Айтматов, Үсөн Сыдыков сыяктуу белгилүү саясатчылар бар эле. 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССРине президент шайлоо боюнча Кыргызстан Жогорку Советинде аракеттер башталат. Биринчи турга ошол кездеги Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Апсамат Масалиев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана Ысык-Көл обкомунун биринчи секретары Жумгалбек Аманбаев катышып тиешелүү добуш ала албай калгандыктан. Өз алдынча блокко топтолушкан депутат Айтматовду сунуш кылышат. Айтматов Акаевдин талапкердигин колдоп көпчүлүк добуш менен өтүп кетет. 1991-жылы ГКЧПдан соң 12-октябрда Аскар Акаев альтернативасы жок элдик добушка салып кайрадан президент болот.

2005-жылы Акаевдин бийлиги кулатылат. Июлда өткөн президенттик таймашка талапкерлердин фаворити, легендарлуу жана Кыргыз Республикасынын экинчи чакырылыштагы парламенттин депутаты Курманбек Бакиев президент болуп жеңип чыгат. 2010-жылы кайрадан бийлик алмашат, Убактылуу Өкмөттүн төрайымына жана референдум аркылуу 2010-жылдын 27-июнунда президенттикке  төртүнчү парламенттин депутаты Роза Отунбаева дайындалат.  2011-жылы күзүндө болгон бүткүл элдик шайлоодо Эл өкүлдөр жыйынын депутаты Алмазбек Атамбаев жеңип келет. 2017-жылы октябрда болгон президенттик шайлоодо экинчи жана үчүнчү чакырылыштагы парламент депутаты Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланат.

2021-жылы 28-январда өтүп жаткан президенттик инаугурацияда Садыр Жапаровду президент кылыш үчүн Сүйүнбек Касмамбетов 15 миллион сомду бюджеттин эсебинен которду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости