www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын космостук чалгындоо агенттиги (JAXA) Кагосима префектурасынан космоско байкоо спутниктерин ташыган жаңы типтеги H3 ракетасын учурду.

Япониянын космостук чалгындоо агенттигинин билдирүүсүнө караганда, байкоо спутниктерин ташыган «No2 H3 ракетасы» Кагосимадагы Танегасима космостук борборунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.22де учурулду.

Ракетанын пландалган орбитага киргендиги жана 2,6 тонна жасалма жүк көтөргөн микроспутниктерди ийгиликтүү жайгаштыргандыгы маалымдалды. 

Япониянын космостук чалгындоо агенттиги жана Mitsubishi Heavy Industries (MHI) биргелешип чыгарган H3 ракетасы 70 килограммдык оптикалык байкоо спутнигин жана 5 килограммдык инфракызыл  спутникти алып жүрөт. 

Япониянын космостук саясаттар боюнча мамлекеттик министри Такайчи Санае  билдирүүсүндө,  «ийгиликтүү» деп мүнөздөгөн процесстин Япониянын ракета учуруу мүмкүнчүлүктөрүн түп тамырынан бери бекемдөөгө карай жаңы кадам экенин белгиледи.

Япониянын космостук чалгындоо агенттигинин башчысы Ямакава Хироши пресс-конференцияда: «Н3 ракетасын ийгиликтүү учуруу менен биз эл аралык атаандаштыкты камсыз кылуу жагынан чоң ийгиликтерге жетиштик», - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости