www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япония Кыргызстанда гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул тууралуу Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоевдин Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин Россия, Борбордук Азия жана Кавказ департаментинин директору Ватанабе Масаши менен жолугушуусу учурунда маалым болду.

Жолугушууда тараптар 2023-жылдын сентябрында Токио шаарында өткөрүлгөн «Борбордук Азия + Япония» экономикалык жана энергетикалык диалогунун жыйынтыктары боюнча кийинки биргелешкен кадамдар боюнча пикир алмашып, япон компанияларынын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусунун өсүү тенденциясы белгилешти.

Буга байланыштуу япон тарап Япониянын Эл аралык кызматташтык банкы (JBIC) жана башка уюмдар менен биргелешкен кызматташтыкты күчөтүү каалоосун билдирди.

Ошондой эле жолугушууда элчи Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигине кыргыз тарап менен кызматташууну активдештирип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ватанабе Масашинин 2024-жылдын 12-13-мартында Кыргызстанга пландаштырылган иш сапарынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости