www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Япониядан заманбап медициналык жабдууларды жана көчмө клиникаларды алат.

Алардын ичинде КТ, МРТ, УЗИ жана рентген аппараттары болот.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабировдун Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушуусунда маалым болду.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз депутаттарынын Японияга болгон иш сапарынын жыйынтыгын чыгарып, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты.

Маалыматка ылайык, быйыл Улуттук кардиохирургия борборуна жаңы жабдуулар, ал эми Республикалык онкология жана гематология борборуна эки санариптик маммограф жеткирилет.

Ошондой эле Япония өкмөтүнүн гранттык жардамынын алкагында Кыргызстанга медициналык жабдуулар менен толук камсыздалган эки мобилдик клиника берилет. Алардын курамында МРТ, КТ, УЗИ жана рентген системалары болот.

Мындан тышкары, 2027–2028-жылдары Ош облустук клиникалык ооруканасына жана Ош облустук онкология борборуна заманбап медициналык техникаларды жеткирүү пландалууда.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагынан тышкары билим берүү, айыл чарба жана инфраструктура багыттарындагы кызматташтыкты да талкуулашты.

Последние новости