www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапонияда жааган кардан каза болгондордун саны сегизге, жаракат алгандардын саны 45ке жеткенин NHK телеканалы билдирди.
Буга чейин үч адам каза болуп, 23 адам жаракат алганы кабарланган.
Япониянын түндүгүндө жана батышында апта башында калың кар жааган. Электр жарыгы, уюлдук байланыш үзгүлтүккө учурап, темир жол байланышы токтоп турат. Кардын жааганынан улам жолдордо 20-30 чакырымга созулган тыгындар пайда болуп, аларды жоюуга дээрлик үч күн убакыт кетти.
Калың кар жааган аймактардын жашоочуларын үйлөрүнөн негизсиз чыкпоого жана алдын ала суу жана тамак-аш менен камсыздоого чакырат. Республикалык магистральдарда тыгынды болтурбоо үчүн Транспорт министрлигинин Хокурику бөлүмү бир катар жолдорду кыймылга жабуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.
Булак: NazarNews.kg