www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Украинадагы жаңжалды качан токтотоорун айтты

Орусия Украинадагы жаңжалды мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга аракет кылууда. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Мамлекеттик кеңешинин ушул жылдын 22-декабрында өткөн жыйынынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференция учурунда Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.

«Украинадагы чыр-чатактын токтошу үчүн аракет кылабыз. Ал эми канчалык эртерээк ошончолук жакшы”, - деди Путин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.Владимир Путин 2022-жылдын 24-февралында Украинада орусиялык аскерий атайын операция башталганын жарыялаган. Анын негизги максаты, орус лидери Донбасстын карапайым калкын Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан геноцидден коргоо деп атады. Мындан тышкары, атайын операция учурунда Россия Федерациясынын милдеттери Украинаны деназиясыздандыруу жана демилитаризациялоо болуп саналат.

Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин (АУК) мүчөлөрү менен жакында болгон жолугушуусунда Путин Орусияга төрт жаңы аймактын – Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын жана Херсон жана Запорожье облустарынын кошулушун УОКтун маанилүү аралык жыйынтыгы деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости