www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын Сайтама префектурасындагы Кавагоэ шаарында чоң эл аралык жаңжал тутанды. Пакистандык компания бул жерде Japan Jaame Masjid Ramzan аттуу мечитти эч кандай расмий уруксат албай эле куруп салган.

Мындан тышкары, имарат курулушка катуу тыюу салынган корук токой аймагына тургузулган. Жумушчулар болсо шаардык бийликтин курулушту токтотуу тууралуу талаптарын көз жаздымда калтырып, «түшүнбөйбүз» деген сыяктуу жооптор менен кутулууга аракет кылышкан. Бирок эң чоң жаңылыштык кийин билинген.

Мечиттин ачылыш аземине Япониядагы Пакистандын элчиси келип, объект толугу менен мыйзамдуу деп ойлоп, салтанаттуу түрдө лентаны кескен.

Кийин жапон бийлиги мыйзам бузууларды аныктап, имаратты бузуу тууралуу расмий көрсөтмө бергенде, Пакистандын элчилиги шашылыш билдирүү таратууга аргасыз болгон:

«Биз бул курулушка тиешебиз жок. Япониянын мыйзамдарын сактоону өтүнөбүз».

Азыр жергиликтүү тургундар имаратты мажбурлап буздурууну талап кылышууда. Ал эми ээлери болсо аны бузуу өтө кымбатка түшөрүн айтып актанууда.

Япониянын бюрократиясы жай иштегендей көрүнүшү мүмкүн, бирок мыйзамды тоготпогонду кечирбейт. Мыйзам баарына бирдей.

Последние новости