www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 1-январында Япониянын Ното жарым аралынын жээгинде болгон жер титирөөлөргө чейин жана андан кийин космостон тартылган сүрөттөр салыштырылды. Бул тууралуу "IVU NEWS" басылмасы билдирди.

Фотоанализ жана иликтөөлөрдүн натыйжасында жер титирөөнүн кесепетинен жээк 4 метрге чейин кеңейгени аныкталган.

Жарым аралдын көптөгөн жерлеринде, жээктеринде деңиз түбү суудан өйдө көтөрүлүп, жаңы пляждар пайда болду.

Ушундай эле бир нече аймактар ​​аныкталганы менен, жээкти бойлой иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылууда.

Жаңы жыл күнү болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 126 адам каза болуп, 500дөн ашууну жаракат алганы кошумчаланды. Учурда 200дөй жаран дайынсыз болуп жатканы айтылууда. Бузулган жолдор жана аба ырайынын начардыгынан куткаруу иштери кыйын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости