www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапон өкмөтү акыркы 35 жылда биринчи жолу жергиликтүү акваторияга изилдөө жүргүздү. Жыйынтыктарга ылайык, бул мезгил аралыгында өлкөдөгү тиешелүү аралдардын саны эки эсеге көбөйгөн – 6852ден 14 125ке чейин. Бул тууралуу “Kyodo” маалымат агенттиги жазды.

Изилдөө 2022-жылы өкмөт бекиткен жапон картасынын электрондук версиясын автоматташтырылган изилдөөгө негизделген. Алынган маалыматтар мурдагы аэрофотосүрөттөр менен салыштырылган. Акыркы тизмеге айланасы 100 метрден ашкан аралдар кирди.

Агенттиктин айтымында, аралдардын эки эсеге көбөйүшү өлкөнүн бийлигинин аймактык суу чек араларын кеңейтүү талабына негиз боло албайт. Жаңыланган статистика март айында коомчулукка жарыяланышы күтүлүүдө.

Маалымат үчүн айта кетсек, аймактагы аралдар тобу Япония деңизинде - Япония менен Түштүк Кореянын ортосунда жайгашкан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бул аралдар Кореянын аймагы болуп калган. Жапония аны “мыйзамсыз оккупация” деп атап, аралдарды өз аймагына кошууга аракет кылган.

Последние новости