www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда 32 жаштагы Кано аттуу аял ChatGPT технологиясынын негизинде түзүлгөн жасалма интеллект (ЖИ) каарман менен символикалык үйлөнүү аземин өткөрдү.

Бул окуя тууралуу жергиликтүү телеканалдар сюжет көрсөтүп, кийинчерээк кеңири талкуу жаратканын VC басылмасы билдирди.

Кано айтуусунда, ал виртуалдык маектеши — Клаус аттуу ЖИ-персонаж менен 2024-жылы тааныша баштаган. Ал учурда аял үч жыл бирге болгон жигитинен ажырап, оор эмоционалдык абалда жүргөн. 2025-жылдын июнь айында Клаус ага «жолдош болууну сунуштап», Кано бул билдирүүнү үй-бүлө куруу сунушу катары кабыл алган.

Кано ЖИ менен баарлашуу ага психологиялык жактан чоң колдоо көрсөткөнүн, айрыкча бесплодие (бала төрөй албастык) сыяктуу жеке маселелерди жеңил кабылдоого жардам бергенин айткан.

Юридикалык жактан бул нике мыйзамдуу күчкө ээ эмес. Аземди уюштурган агенттик пародиялык жана өзгөчө үйлөнүү тоюндарын өткөрүүгө адистешкен. Компаниянын маалыматы боюнча, 2024-жылдан бери алар ушуга окшош 30дай аземди, анын ичинде аниме жана манга каармандары менен болгон «үйлөнүү тоюндарын» өткөрүшкөн.

Аземдин жүрүшүндө Кано жана виртуалдык Клаус «шакек алмашып», нике антын айтышкан, андан кийин фотосессия өткөрүлгөн — сүрөттөрдө Клаустун образы санариптик иштетүү аркылуу кошулган.

Бул Япониядагы биринчи учур эмес. 2025-жылдын сентябрында 53 жаштагы япон жараны Loverse колдонмосундагы чат-бот менен ушуга окшогон нике аземин өткөргөнү кабарланган.

Последние новости