www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда жер титирөө коркунучу жаралып, Хонсю аралынын түштүк-чыгышындагы Нанкай жаракасы бийликти тынчсыздандырып жатканы айтылууда.

Япониянын премьер-министри Фумио Кисида Астанага мерчемделген иш сапарынын мөөнөтүн жылдырды. Маалыматты Япониянын Казакстандагы элчилигинен Sputnik Казакстанга тастыкташкан.

Ушу тапта Японияда жер титирөө коркунучу жаралды. ЖМКлар бийликти жана окумуштууларды Хонсю аралынын түштүк-чыгышындагы Нанкай жаракасы тынчсыздандырып жатканын жазышууда.

Фумио Кисиданын Борбор Азияга, атап айтканда, Казакстанга иш сапары пландалган эле. 9-августта Астанада "Борбор Азия + Япония" саммити күтүлүп жаткан. Ал эми Токаев менен Кисиданын жолугушуусу 10-августка белгиленген.

Буга чейин Япониянын премьер-министри Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен да жолугары маалымдалган болчу.

Хонсю аралында күчү 8 баллга жакын жер титирөө 100-200 жылда бир кайталанып турат. Окумуштуулар алдыдагы 30 жылдын ичинде 8 же 9 баллга жеткен жер титирөө ыктымалдуулугу 70-80 пайыз экенин айтышууда. Мындай учурда Япония кыйла жабыркап, чыгыш жээгин 30 метр бийиктиктеги цунами капташы ыктымал.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости