www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-мартта болуп өткөн Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» тууралуу коомчулук каршы пикирин билдирүүдө. Бирок арасында бирин-серин аларды колдогондор дагы жок эмес. Ал эми "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаков Гейлерди ачык колдоп чыкты. 

Буг чейин Фейсбук социалдык тармагында анын видео-кайрылуусу жарыяланган эле. Аталган видео коомдук талкууга түшүп, журналист кайрадан коомчулукка билдирүү жазып чыкты.

“Динге жана салтка эч кандай каршылыгым жок. Бирок фактыны, чындыкты мойнубузга ала билишибиз керек. Курманжан Датка “өлүмгө тике кара” дегендей, чындыкка тике карашыбыз керек. Мен гейлерди жакшы көрүп, колдоп, үгүттөп аткан жокмун жана колдобойм. Жанагы ашкере феминисттерге да кошула албайм. Бирок чынында чай куйганга аялдар милдеттүү деле эмес экенин мойнубузга алышыбыз керек деп билем. Муну баягыда муфтий деле айткандай болгон эле. Каалабаса, көңулү тартпаса сени менен жатпай койгонго да укугу бар. Ошондой эле, укук эркекте да бар. Анан эмнеге теригип атасыңар билбейм.

Чай куйбайм, кир жуубайм деди деп, эркектер уялбай таарынып атабыз. Мен негедир ошол чай куйгандан, кир жуугандан өксүгүм жок экен. Менин аялым, түнкү саат 4тө келсем да ысык тамагын даярдай салгангабы, айтоор аялым мага тамак бербей коёт деп коркуп, ойлонуп көрбөптүрмүн. Аялым апама чай куйбай, кабагын салганын көрө элек экенмин. Ошондуктан мен аялыма абдан ыраазымын. Аялыңды өз ыктыяры менен чай куйдурганга жарабай анан уялбай кыргыздын кыраанымын дегениңер жарашпайт. Кыраандарга чай өзү эле куюлат. Кыраандарды любой аял сүйөт. Чай эмес пайын кошуп, жан дили менен бергенге дайыма даяр болуп турат. Аялың чай бербесе ал аялдын эмес, эркектин өзүнүн күнөөсү.Сөзүнүн күчү жок, жүзүндө сүрү жок элтеңдеген бир бечара болсоң ким чай берет?

Тескерисинче мен аялыма каалаган кийимин сатып бере албай жүрөм, каалаган тамагын сатып бере албай жүрөм деп өзүм уялган жерим бар. Ушунча болду чынын айтайын.

Эми гейлер тууралуу: Гейлер тууралуу адеп талкуу боло бергендиктен, адеп баарыңыздар ошого көңүл бөлө бергениңиздерден улам, алар тууралуу маалыматтарды окуп көргөнмүн. Ага чейин булар тууралуу менде деле маалымат жок болчу.

Мен дагы бир жолу айтам. Гейлер болгон, болуп жатат жана боло берет. Бул чындык. Бул жаратылыш. Өзүңөрдү өрттөп салсаңар да бул чындык, ушул бойдон кала берет. Көңүл бөлө берүүгө арзыбай турган теманы бүт кыргыз талкуулап бүтө албай койдук. Ал аз келгенсип, аларга каршы ачык күрөшкө чыктыңар. Аялдарга карата зомбулукту токтот деп, күн сайын катталып аткан, катталбай калып кеткен ур-токмокту эбин таап, тый деп чыккан аялдарды беткапчан келип сөктүңөр. Капа кылдыңар. Анан ошол аракетиңерди акташ үчүн фотомонтаж менен жасалма сүрөттөрдү чыгарып, элдин көзүнө чаң чачып отурасыңар. Кыргыздын кыраан жигиттери дегендер ошол жүзүн жашырган бечараларбы?

Эми мага түшүндүргүлөчү, алар менен кантип күрөшөсүңөр? Гейлер жашабасын деген мыйзам кабыл аласыңарбы? Же кудайдын милдетин менчиктештирип алып, аларды ташбараңга алып жазалайсыңарбы? Же камакка аласыңарбы? Алар менен кантип күрөшкөнү жатасыңар? Төшөк деген сөз деле өзүнчө ыйык, өзүнчө азиз. Кол тийгис. Анан бирөөнүн төшөгүн кантип аңдыйсыңар.

Ылдыйда Ооганстандан тартылган, болгондо да америка эмес, батыш эмес, ошо көбүң жакшы көргөн, сүйүп, байрагын профилиңе илип алган орустар тарткан видеону көрүп койгула. Биздин динди тутунуп, сакалды коюп алгандын баары эле таптаза эмес экенине, идеалдан өтө эле алыс экенине балким ынанарсыңар. Көзүңөр ачылаар. Ачылбаса ар кимге асылып коюп, оокатыбызды коррупционерлерге уурдатып, ошол өзүбүздөн уурдалган оокаттын кичине бир күкүмүн берип койсо, алла ыраазы болсун деп, ыракматты белен айтып, калган тирилигиңерди ошол орустарга кул болуп өткөрө берерсиңер.

Дагы бир жолу айтам, кыргыздын көйгөйү гей-пей эмес. Кыргыздын негизги проблемасы коррупция, бийликтеги уурулук. 20 миң сом айлыгы бар чиновниктин миллиондон байлыгы барлыгы көйгөй. Коорупциясы ооздукталган өлкөлөр гей-пей деген теманы кызыл чүпурөктөй кылып булгаласа, ошону сүзөм деп булкунган өгүзгө окшобой тынч эле оокатын кылып жүрүшөт. Ошо-оо”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости