www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жылдын октябрь айынан бери камакта жаткан Кемпир-Абадчылар билдирүү жасашып, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго кайрылышты.
"Урматтуу Сүйүнбек мырза!
Кыргызстандагы адам укугу менен эркиндиктеринин абалы боюнча Европарламенттин чыгарылган тыянагына чычалап, кожоюнуңузга жакшы көрүнүш үчүн (албетте аны сиз кожоюнуңуздун тапшырмасы менен айттыңыз дечи) “Кемпир-Абадчылар бийликти күч менен басып алуучулар, төңкөрүшчүлөр” – дегендей, эч нерсеге негиздебей туруп: “аф, аф” – деп “үрүп койгон” 3-мамчиновник болдуңуз.
Сизге чейин апрель айында мындай сөздү Зулушов менен Аширходжаев дегендер Жогорку Кеңеште айтышкан. Бирок алар жакында, парламентте Кемпир-Абадчы депутат Мадумаров андай кылмышты жасаганын далилдей алышкан жок!
Биз сизди сотко бербейбиз, бирок азыр өтүп жаткан сот отурумуна күбө катары сөзсүз чакыртабыз.
Мамкатчы катары Кемпир-Абадчылардын үстүнөн ачык сот отурумун өткөрүүгө жардам берип, ошол ачык сотко Кемпир-Абадчылардын “төңкөрүшчү” экенин далилдөөчү бир далил эмес, кимдир бирөөсү кокусунан жаңылып “бийликти күч менен басып алабыз” – деген, ойлонбой айтып койгон сөзүн далилдеп берсеңиз, биз “Кемпир-Абадчылар” өмүр бою түрмөдө отурууга даярбыз.
Эгерде сиз ачык сот өткөрүүгө жардам бербей, айткан сөздөрүңүздү ачык сотто далилдеп бере албасаңыз “Садырхандын Бакайы” катары бизди 9 айдан бери мыйзамсыз камакта кармашып отурушкан Ташиев, Зулушов, Аширходжаев, Жапеков, Базарбеков – баарыңар биздин ордубузга түрмөгө киришиңер керек. Айттыңбы далилде, болбосо жооп бер же кечирим сура!
8 ай 37 тергөөчү, ондогон оперкызматкерлер Кемпир-Абадчылар “массалык баш аламандыкты уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүшкөнү” боюнча бир дагы мыйзамдуу далил табалбай, аргасы түгөнүп, кылмыш ишке мыйзамсыз “жашыруун” грифин берип, “жашыруун тергөө” жүргүзүшүп, эми болсо “жабык сот” дегенге даярданып айласы кетип турганда, ычкырыңызга чалынып “... Германия өзүн билсинчи ...” деп акылдуусынгандай сиз кимсиз?..
Жалпы таанылган адам укугу менен эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенме алдыңбы, ага КР Президентти кепил болот деп Конституцияга бекиттиңби, кожоюнуң баш болуп, эл аралык уюмдардын чечимдерин кыңк этпей аткарышыңар милдет!
Сиз Кыргызстандын башкы идеологу катары мамлекеттик кызматты аркалаган мезгилде Кыргызстанда:
- Кыргызстандын мыйзамдарында, кыргыздын каада-салтында жок кустурбайчылык, алдамчы-коррупционерлерди коргоо, качкындар менен чай ичишүү, алар менен бир муштумга биригүү, алдамчылык, жалган саясий шоу, пиарлар азыркы бийликтин башкы идеологиясына айланды;
- Бийликтин кетирип жаткан кемчилдиктерин ачык айткан, жазган атуулдар өз пикири, сөзү, ою үчүн эле жаш, кары, аял экенине карабай жапырт мыйзамсыз кармалып, камалып, соттолуп жатышат;
- Өз жерин коргогондор кылмышкер, кыргыздын жер-суусун, кен байлыктарын сатышкандар “Эл баатыры” наамын алган жаңы салт пайда болду;
- Улуттук демократиянын туу чокусу болгон элдик курултайдын ашмалтайы чыкты;
- Улуттук идеология, укуктук мамлекет, демократия, адам жана жарандардын укуктары менен эркиндиктери деген түшүнүктөр унутулду;
- Конституциядагы жарандардын сөз, ой, пикир эркиндиктери, чогулуш, митинг өткөрүү укуктары кылмыш болуп калды;
- Парламенттик контрол, прокурордук көзөмөл, акыйкатчы институттары жокко чыгарылды, өз алдынчалык жоюлду;
- Намыстуулук - кошоматчылыктын тепсендисинде калды;
Мындай көрүнүштү кыргыздар: “Ээ, вазир жакшы, хан жакшы”, “Жандоочу кийик аттырат деген ушул” – деп бүтүм чыгарышкан.
Урматтуу “Бакайдын” образына кирип алган Сүйүнбек мырза!
Сиз бизди “төңкөрүлүшчүлөр” депсиз! Кемпир-Абадчылардын арасында президенттик жеке үй-бүлөлүк башкарууга идеалык жактан каршы туруп, эки элдик ынкылаптын башында жүрүшкөн тарыхий инсандар бар. Бирок, жеке бир президентке кызмат кылган төңкөрүшчүлөр жок. Ынкылап менен төңкөрүштүн айырмасын билип, анан сүйлөсөңүз!
Мыйзамсыз камалышкан Кемпир-Абадчылардын арасында мамлекет, эл үчүн ак эмгек өтөшкөн жана дагы өтөйбүз дешкен бир вице-премьер-министр, төрт Өкмөттүн мүчөсү, эки замминистр, бир БШКнын төрагасы, эки губернатор, эки судья, алты ЖКнын депутаты, төрт элчи, үч илимдин кандидаты, эки генерал-лейтенант, бир нече саясий-коомдук, жарандык уюмдардын лидерлери жана жаш-активисттер бар.
Сиизге окшоп өмүр бою ар-бир келген президенттерге жана алардын жакындарына кагаз ташып жүргөн ПКАССчылар биздин арабызда жок. Муну билип алыңыз жана башкы идеолог катары калыстык үчүн айта жүрүңүз!
Кемпир-Абадчылардын үстүнөн козголгон саясий кылмыш ишти президент айткандай “Кыргызстандын келечеги, стабилдүүлүгү, элдин ынтымагы үчүн” саясий сүйлөшүү жолу менен “ит жыгылыш” вариантында бүтүрөлү деген сунушубузга өзүңүздүн чакан “Нарын кланы” Э.Байсалов, А.Жапаров, Ч.Абыкеев, М.Укушев ж.б. менен каршы болуп жатканыңызды да угуп жатабыз.
Аргументтер: “буларга ишенич жок”, “сөзүнө турбайт”, “алардын айтканына барсак, бийлик ит болуп калат” – экен.
Сунуштар: “буларды түрмөдөн чыгарбаш керек”, “кандай болбосун соттош керек” – деген мурдагы президенттердин түбүнө жеткен эле эски сунуштар экен.
Кемпир-Абадчылар сөзүнө, өз ою, пикирине бекем үчүн 9 айдан бери сынбай, сатылбай түрмөдө мыйзамсыз отурушат. Сөзүнө, пикирине турбаган, позициясы жокторду Кемпир-Абад боюнча пикирин өзгөрттүрүп, башында эле камаган эмессиңер. Ошондой, өзүңөргө окшогондорго ишенич бар да, бизге жокпу?!
“Ит жыгылыш” деген кыргыз элинде каймана, бирок терең философиялык мааниси бар сөздүн төркүнүн түшүнбөсөңүз, эмнеге башкы идеолог болуп отурасыз.
- 30 жыл ичинде үч коңшу өлкөгө өз жерин бөлүп берген “саткын”, анан өз элин “биз уттук” деп алдаган Кыргызстандын бийлигиндей бийлик барбы дүйнөдө?!
- Анан “жер, суу, кен-байлык сатылып жатат” – деген инсандарды бардык мамлекеттик органдар, чиновниктер мамлекеттик машинанын күчү менен “иттей талаткан” бийлик барбы дүйнөдө?!
- Мекени четинен чертилип “сатылып” жатса да кыңк этип үн чыгарбаган, бирок үйүнүн заборун жылдыр десе чыр салган депутаттар барбы башка элдердин парламентинде?!
- Арыктын алышы, бир метр жер үчүн коңшусу менен мушташкан, бирок, мекени, кен-байлыктары сатылып жатса, кайдыгер караган эл барбы дүйнөдө?!
- Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилиши боюнча өзүнүн каршы пикирин билдиришкен инсандарды “төңкөрүшчү, кылмышкер” – деп атаган “Бакайлары” бар эл барбы дүйнөдө?!
Албетте, андайлар бизден башка элде жок!
Анан 30 жылдан бери саясатта, бийликте жүргөн “кыргыз жакшылары” – баарыбыз элибизге, келечектеги муундарыбызга ит болбогондо, ким болобуз?! Ит дагы жаткан жерин, ит аягын коруйт. Итче дагы боло албадык го?!
Берилер Кемпир-Абад түбөлүк берилди, сактап кала албадык. Эми Кемпир-Абадды түбөлүк саясатка айлантып итче ыркыраша бербей “ит жыгылыш” болуп тарап кетели – дегендин эмнеси жаман, урматтуу Сүйүнбек мырза?!", - деп жазылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg