www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ылай-Талаа-Гүлчө жолун асфальттоо башталды

Кара-Кулжада Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 55 чакырымы реконструкцияланып, асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда аталган жол тилкесинде жер жумуштары жүрүүдө. 

Долбоорго ылайык, жолдун туурасы 14 метрге чейин кеңейтилет.

Азыркы тапта жумуштардын эң татаал бөлүгү деп эсептелген 7 чакырымдык тилкеде жер кыртышын даярдоо иштери аткарылууда. 

Курулушту подрядчы компания жүргүзүп, техникалык талаптар жана жол курулушунун сапаты министрликтин көзөмөлүндө. 

 

 

Последние новости