www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана жол министри Тилек Текебаев деген ымтыраган эле, эптеп ысык жаны бар неме экен. Аталган тармактын ишин көмүскөдө туруп мурдагы министр Нурлан Сулайманов башкарат дешет.
Ал эми Текебаевдин болсо министр болгондон бери кыйраткан иши көрүнбөйт. Ошол эле кезде аталган мекемеге тиешелүү жол тармагындагы коррупцияга гүлдөп кетиптир, жолдон акча желген иштер өтө көп. Баткенде, Ошто, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй, айтор бардык облуста жол салуудан мамлекетке оңбогондой зыян келтирилген уурулук токтобой жатат. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп үлгүрбөй калды. Бул схеманы жоюга эт эмес, же чел эмес, ымтыраган Текебаевдин чамасы жетчүдөй эмес.
Деги эле кызмат ордуна ылайыктыгы боюнча маселени президент кайра бир электен өткөрүп баасын бербесе, бул министр менен алыс барууга болбойт.
Мына Төө-Ашуудагы тоннелдин оңдолуп жатканына дээрлик эки айдан ашты. Үч километр тоннелдин ичин жаркыратып свет орнотуп, жолуна асфальт баса албай элди кыйнап бүттү. Болгону 3 километр. Анан башканы кеп кылганда эмне?..
Булак: NazarNews.kg