www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстанда ыш көйгөйүн чечиш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан 6 млрд. 700 млн. доллар грант сурады. Бул тууралуу 12-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова айтты.
“Бизге энергиянын альтернативдүү булактарын жайылтуу керек. Бул багыттар боюнча долбоорлор иштелип чыккан. Биз 6 миллиард 700 миллион доллар гранттык жардам сурап кайрылдык. Бирок Жашыл климат фондуна мындай өтүнмөлөр берилгенден кийин адатта үч жылда каралат”, - деди Кутманова.
Булак: NazarNews.kg