www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дем алыш күндөгү Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына кайткан унаалардын саны көп болду, деп билдирет Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу ЖКККББнын Ысык-Көл жана Чүй облусу боюнча кызматкерлери жана борбордук аппаратынын өздүк курамы Бишкек - Ысык-Көл багыты боюнча айланма жолдо жол тыгындарын жөнгө салуу үчүн дем алыш экенине карабай иш алып барышты.

"Авто унаалардын саны абдан көп болгондуктан каршы тилкеге чыккан 7 айдоочуга жана ылдамдыкты ашыра айдаган 353 айдоочуга тийиштүү айып пулдар салынды", - деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ жалпы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости